Ссылки доступа

Беларустун ИИМ башчысы: нааразылыктар маалында 130дан ашык милиция кызматкери жабыркады


Беларустун ички иштер министри Юрий Караев Орусиянын RT телеканалына интервью берип, өлкөдөгү нааразылыктар маалында 130дан ашык милиция кызматкери жабыркаганын билдирди.

«Бүгүнкү күнгө карата 131 киши жабыркады. Алардын ичинен 28и дале болсо ооруканада дарыланууда», — деди ал.

Мирный марш в Минске в день рождения Лукашенко: как это было
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:55 0:00

Беларустун баш калаасы Минскте жана башка шаарларында 9-августта өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктарынын бурмаланышына каршы нааразылык акциялар уланууда. Митингдердин алгачкы күндөрү бийлик суу бүрккүч техникаларды, желим окторду жана көздөн жаш агызчу газдарды колдонуп, демонстранттарды кууп таратууга аракет кылган. 6 миңден ашык киши кармалган. Кийин алардын убактылуу кармоочу жайларда жапырт кыйноого алынганы белгилүү болгон. Укук коргоочулар кармалган дээрлик 500 кишиден ур-токмоктун белгилерин, көгала тактарды байкашкан. Убактылуу кармоочу жайлардан чыккандар өзүлөрү да катуу сабалып, кемсинтүүгө кабылышканын, жаман шарттарда кармалып турушканын айтышкан.

Буга чейин Караев Минск шаарындагы акция катышуучуларынын бири Александр Тарайковскийдин өлүмү тууралуу комментарий берип жатып: «Ооба, ал өлдү. Америкадагы башаламандыктарда канча киши өлүп жатат?», — деп билдирген.

Азыркы президент Александр Лукашенконун жардамчысы Николай Латышонок эмнеге акция катышуучуларынын сабалышы жана өлүмү боюнча бир да кылмыш иши козголбогондугу тууралуу суроого мындай деп жооп берген: «Силер жасап жаткан нерселердин бардыгы – бул революциялык процесс. Революциялык процесстер болсо дайыма жазаланат».

Мурдараак мамлекеттик Белтелерадиокомпаниясында иштөө үчүн Минск шаарына Орусиядан журналисттер чакыртылганы белгилүү болгон. Алар иш таштаган беларус журналисттери менен техникалык жумушчуларды алмаштырышкан. Бул маалыматты Лукашенко өзү да ырастаган. Өз булактардын маалыматына караганда, Беларуска Орусиянын эл аралык RT телеканалынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери, ошондой эле фрилансерлер барышкан. Бирок телеканалдын башкы редактору Маргарита Симоньян Минскте алардын журналисттери жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG