Ссылки доступа

Түркмөнстанда беткап режимин сактабагандар пахта теримге жөнөтүлүүдө


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Түркмөнстандын Мары облусунда беткап режимин сактабагандыгы үчүн кармалып, бирок айып пул төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок жарандар пахта теримге жөнөтүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысы билдирди.

«30-августта Байрамали шаарынан 30га жакын киши Каракум районундагы пахта талааларына жөнөтүлдү. Алардын баары беткап тагынбагандарды аныктоо боюнча полициянын рейди учурунда кармалып, мыйзамда каралган өлчөмдө айып пул төлөй алышкан эмес», — деди кабарчы.

Анын айтымында, беткап режимин сактабагандарды мажбурлап пахта талааларына жөнөтүү «тартиби» 29-августта киргизилген. Мыйзам бузган жарандардын алгачкылары пахта теримге 30-августта жөнөтүлгөн.

Өткөн жума күнү Мары облусунда полиция беткап тагынбагандарды аныктоо рейддерин күчөткөнү кабарланган. Режимди сактабагандар полиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, 60 манаттан (17 доллар) айып пул төлөй албагандар пахта талааларына жөнөтүлө баштаган.

Полиция алардын паспортторун алып калып, кечинде пахта терүү боюнча бир күндүк норманы аткарган жарандардыкын кайтарып беришүүдө.

«Бир күндө 20 килограмм пахта терүү керек. Бул норманы аткаргандардын паспорттору кайтарылып берилет. Аткара албагандар эртеси да пахта теримге чыгышат», — деди кабарчы.

Түркмөнстанда беткап режими июлдун ортосунда киргизилген. Бийлик дале болсо өлкөдө коронавирус жуктургандар жок экенин билдирип келет.

Түркмөнстанда жыл сайын бюджеттик мекемелердин кызматкерлери пахта терүү өнөктүгүнө чыгышат. Буга чейин эл аралык укук коргоо уюмдары түркмөн бийлигин пахта жыйноодо жарандарды мажбурлап иштетүүгө бир нече жолу айыпташкан.

XS
SM
MD
LG