Ссылки доступа

Казакстанда "Көчө партиясынын" мүчөсү эки айга камалды


Алматынын тергөө соту “Экстремисттик уюм” катары тыюу салынган “Көчө партиясына” тиешелүү иш боюнча Алматы облусунун тургуну Кайрат Клышевди эки айга камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу активисттин адвокаты Галым Нурпеисов билдирди.

— Кечээ кечинде Алматы тергөө сотунун санкциясы менен ал Кылмыш кодексинин 405-беренесинин 2-бөлүмү боюнча (“Экстремизм жана терроризмге байланышкан уюмдун ишине катышуу”) жүрүп жаткан тергөө амалдарынын алкагында эки айга камалды. Буга чейин менен анын адвокаты болгон эмесмин. Бүгүнтөн тарта мен аны коргоого кириштим, —деди Нурпеисов.

Алматы тергөө абагы Клышев камакта экенин тасыктады.

23-августта Алматынын тергөө соту ушундай эле айып менен алматылык эки активист Абай Бегимбетов менен Асхат Жексебаевди да эки айга камоо чечимин чыгарган.

Клышева быйыл эле нааразылык акцияларына катышканы үчүн беш жолу административдик камакка алынган. 22-августта аны бир күндө эки жолу соттошкон.

Казакстанда февралда түптөлгөн “Көчө партиясы” кыймылына май айында Нур-Султандагы Есил райондук сотунун чечими менен “экстремисттик уюм” катары тыюу салынган.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG