Ссылки доступа

Активисттер Жогорку соттун «Кыргызстан» партиясына байланыштуу чечимине нааразылык билдиришти


Жогорку соттун «Кыргызстан» партиясынын иши боюнча чечимине нааразы кишилер Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратына жөө жүрүш жасашты.

Акциянын айрым катышуучулары БШКнын чечимин колдоп, сот адилетсиз чечим чыгарганын айтышты. Алардын арасында «Чон Казат» партиясы да бар.

Жогорку сот 1-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арызын карап, күчүндө калтырды. Чечим дароо күчүнө кирет, үстүнөн арызданууга болбойт.

БШК 24-августта парламенттик шайлоого аттанган партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган.

Отурум маалында Жогорку соттун алдында «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылган жарандык активисттер менен шайлоого бараткан айрым партиялардын мүчөлөрү нааразылык акциясын өткөрүштү.

Ошол эле жерде «Кыргызстан» партиясынын да бир нече тарапташтары акцияга чыгып, «таза шайлоо» деп кыйкырып турушту.

XS
SM
MD
LG