Ссылки доступа

Кадыровдун 21 жаштагы кызы Чеченстандын маданият министринин орун басары болду


Айшат Кадырова
Айшат Кадырова

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 21 жаштагы кызы Айшат Чечен республикасынын маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кадыров “Телеграм” каналында билдирди.

"Жаш болгонуна карабай, ал өтө татаал жана ири долбоорлорду жетектөөдө бай тажрыйбага ээ", - деп жазды Кадыров.

Кадыров 2020-жылы мартта кызын “Чечен Ресубликасынын алдындагы эмгеги үчүн” медалы менен сыйлаган. Медаль маданият жана искусствонун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн берилген.

Айшат Кадырова 18 жашынан бери апасы Медни Кадырова негиздеген Firdaws мода үйүн жетектейт.

2019-жылы "Ачык медиа" Айшаттын Грозныйдагы "Lady A" аталышындагы эротикалык ич кийимдер бутигине ээлик кыларын жарыялаган. Бул дүкөн Орусия мыйзамдарын бузуп, чек бербей, товарларды эн белгиси жок сатары айтылып келет.

Кадыровдун 10 баласы - 4 уул жана 6 кызы бар. ЖМКлар анын көптөгөн туугандары мамлекеттик маанилүү кызматтарда иштешерин жазып келишкен. Бирок буга чейин анын балдары өкмөттүк кызматтарда иштешкен эмес. 2018-жылы “Би-Би-Синин” орус кызматы аймактагы жүз элүүдөй таасирдүү аткаминерлердин 30% Кадыровдун туугандары экенин эсептеп чыккан.

2020-жылы июлда АКШнын Мамлекеттик департаменти Рамзан Кадыровго адам укуктарын бузуу, кыйноо, сотсуз жазалоо иштери үчүн санкция киргизген. Санкция анын аялы Медни Кадырова менен кыздары Айшат менен Каринага (Хадижат) да тиешелүү.

Санкцияга ылайык, алардын АКШга кирүүсүнө жана ишкер байланыштарына тыюу салынган. Мындан тышкары Кошмо Штаттардагы активдери тоңдурулган. Ага чейин Кадыровго экономикалык санкция салынган.

XS
SM
MD
LG