Ссылки доступа

Тажикстандын Элдик-демократиялык партиясы президенттик шайлоого Эмомали Рахмондун талапкерлигин көрсөттү


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон

Тажикстандын Элдик-демократиялык партиясы 11-октябрда өтө турган президенттик шайлоого азыркы мамлекет башчы Эмомали Рахмондун талапкерлигин көрсөттү.

Маалыматка караганда, мындай чечим партиянын миңден ашык делегаты катышкан 3-сентябрдагы съездинде кабыл алынды.

Тажикстандын Элдик-демократиялык партиясы 1994-жылы декабрда түзүлүп, 1998-жылга чейин Элдик партия деп аталган. Өлкөдө добуш берүү укугуна ээ 4 миллион жарандын жарым миллиону (15% көбү) ушул партиянын мүчөсү болуп эсептелет.

Буга чейин Көз карандысыз кесиптик кошуундар федерациясы менен Тажикстандын жаштар биримдиги да президенттик шайлоого өлкөнү 28 жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмондун талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Мындан тышкары Тажикстандын агрардык партиясы Рустам Латифзоданын, Тажикстандын социалисттик партиясы Абдухалим Гаффоровдун, Тажикстандын демократиялык партиясы Саиджафар Усмонзоданын жана Экономикалык реформалар партиясы Рустам Рахматзоданын талапкерликтерин көрсөтүшкөн. Өлкөдөгү жалгыз оппозициялык күч эсептелген Тажикстандын социал-демократиялык партиясы шайлоого бойкот жарыялаган.

Тажикстанда президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG