Ссылки доступа

Өзбекстандык фармацевттер медиктерге дарыкана ачууга уруксат берүүгө каршы болушууда


Өзбекстанда фармацевтерге гана эмес, жогорку билими бар медицина кызматкерлерине да дарыканаларды ачуу укугун берүү пландалууда. Өкмөттүн мындай демилгесине тынчсызданган фармацевтер бул маселе боюнча өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылышты.

«Медицина кызматкерлерине фармацевтикалык ишмердүүлүк менен алектенүүгө лицензия берүү чоң жана кечирилгис ката болот. Сиз Өзбекстан фармацевтикасынын келечегин сактап калууга жардам бересиз деп ишенебиз», — деп жазылган фармацевттердин кайрылуусунда.

Алар өкмөттүн мындай чечимин түшүнбөй жатышканын, дарыгерлердин бул тармакта тажрыйбасы жок экенин билдиришүүдө.

«Дарыгерлердин дары-дармекти сактоо тартиби боюнча эч кандай түшүнүктөрү жок. Болочоктогу фармацевттер 3-курстан 5-курска чейин фармацевтикалык экономиканы окушат. Бул маселеге «тик учактын учкучу учакты да башкара алат» деген позицияда карабоо керек», — деди фармацевттердин бири.

Өзбекстанда дарыгерлерге жеке дарыканаларды ачууга уруксат берүү каралып жаткандыгы тууралуу 25-августта Юстиция министрлигинин өкүлү билдирген.

Өзбекстан фармацевттеринин Telegram-каналындагы маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө 14 409 дарыкана бар.

XS
SM
MD
LG