Бир күн мурда пневмонияга чалдыккандардын саны 571 кишиге жеткен болчу. 2-сентябрда өпкөсү кагынган 27 гана адам аныкталган эле.
Казак бийлиги коронавирус себеп болгон пневмонияны 1-августтан тартып каттай баштаса да COVID-19 илдетинен өзүнчө санап келет. Андан бери Казакстанда пневмонияга чалдыккандардын саны 26 803 адамга жетти. 305 киши көз жумду.
Ал эми анализинен коронавирус табылган адамдарды кошкондо бейтаптардын жалпы саны 133 миңге чукулдады. Баш-аягы Казакстанда пандемия маалында 1900дөн ашуун адам көз жумду.
Казакстан 1-сентябрдан тартып карантин чараларын жумшартып, спортзал, бассейн, театр, музей жана улуттук парктар иштешине уруксат берген.