«2-сентябрда Серхетабад шаарындагы чек ара бөлүгүнүн командири милдеттүү аскердик кызматын өтөп жаткан жоокерлерди түркмөн-ооган чек арасындагы нейтралдык аймакка мисте терүүгө жөнөткөн. Жолдо 30дан ашык жоокер бараткан «Урал» автоунаасы оодарылып кетип, бир нече киши каза болду», — деп билдирди булак.
Анын айтымында, кырсыктан беш жоокер дароо көз жумуп, 27 аскер оор абалда ооруканага жеткирилген.
«Чек арачылар Серхетабад шаарына жакын жердеги мисте өскөн аймакка жергиликтүү тургундарды өткөрүшпөйт. Айрым маалыматтар боюнча, командир жоокерлерди жетекчиси үчүн мисте терип келүүгө жөнөткөн», — деди булак.
Türkmen.news сайты бул жол кырсыгынан 11 жоокер каза болгонун жазды. Басылманын маалыматына караганда, кырсык «айдоочунун рулду башкара албай калгандыгынан» же «автоунаанын бузулушунан» улам болгон деген эки версия айтылууда.