Ссылки доступа

Өзбекстандын салык системасында жапырт кыскартуулар болууда


Өзбекстанда айрым облустук жана райондук салык инспекциялардын кызматкерлери «жапырт кыскартуулар» жөнүндө оозеки эскертүүлөрдү алышты.

Өлкөнүн Кашкадарыя, Сурхандарыя жана Наманган облустарындагы салыкчылар кызматкерлерди азайтуу өнөктүгү мурда эле башталганын, ал эмгек мыйзамдарын бузуу менен жүргүзүлүп жатканын билдиришүүдө. Кашкадарыя облусундагы Миришкон райондук салык инспекциясынын өкүлү ал иштеген бөлүмдөгү кызматкерлердин дээрлик жарымы иштен алынганын айтты.

– 2-сентябрда биздин бөлүмдөгү 18 кызматкерге айлык берилген жок. Биз эсепчиге кайрылсак, ал кызматкерлер кыскартылганын айтты. Өткөн айда биз кечки саат 9-10го чейин салык чогултуп, жергиликтүү бюджетке 9 миллиарддан ашык сум (дээрлик 900 миң доллар) түшүргөнбүз. Жумуштан алынганына нааразылык билдирип чыккан кызматкерлердин ишинен мүчүлүштүктөрдү таап чыгып, кылмыш иши козголот деп коркутуп жатышат. Эң кызыгы жумушта орто кесиптик билими бар кызматкерлер гана калтырылып, жогорку билимдүүлөр кетирилип жатат», – деди ал.

Наманган жана Сурхандарыя облусундагы салыкчылар да ушундай эле маселелер боюнча даттанышууда.

Мамлекеттик салык инспекциясынын өкүлдөрү кыскартуулар тууралуу маалыматтарды ырастап, бардык иштер мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Салык комитетинин жогорку кызматтарында иштеген булактын айтымында, айрым штаттарды кыскартууга байланыштуу мекеме белгилүү бир сандагы кызматкерлерин жумуштан кетирет. «Эгер мурда жарандар кошумча нарк салыгын, ар айлык кирешеси 1 миллиард сумдан ашкан фермердик чарбалар отчётторун райондук бөлүмдөргө тапшырып келишсе, азыр облустук башкармалыктарга алып барышат. Буга байланыштуу райондук бөлүмдөрдө кызматкерлер кыскартылат. Мындан тышкары облустук башкармалыктарда да өзгөрүүлөр болот. Бул иштер салык органдарынын ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу үчүн жүргүзүлүүдө», — деди булак.

Ал Өзбекстандын салык системасындагы 12 миң кызматкердин канчасы жумуштан алынары азырынча белгисиз экенин кошумчалады.

Өлкөнүн Мамлекеттик салык комитетинде акыркы жапырт кыскартуулар 2017-жылы болгон. Анда өлкө боюнча 3 миңден ашык салыкчы жумушсуз калганы кабарланган.

Мамлекеттик салык комитети 1994-жылы түзүлгөн. Алгачкы жылдары мекемеде дээрлик 15,5 миң киши иштеген.

XS
SM
MD
LG