«Барки точик» 27-июлдан тартып Ооганстанга электр кубатын экспорттоону азайткан. Компаниянын башчысы Мирзо Исмоилзода буга Вахш дарыясындагы суунун көлөмү азайганы себеп болгонун айткан. Дал ушул маселенин айынан 16-июлдан тартып Өзбекстанга электр энергиясын жеткирүү да кыскартылган.
Июлда «Брешно» компаниясы Тажикстан электр энергиясын экспорттоону 90% кыскартканын айткан. Буга чейин Тажикстан Ооганстанга күн сайын 320 МВт электр жарыгын экспорттоп келсе, жайдан бери бул көрсөткүч күнүнө 40 МВтка кыскартылган.
Тажикстандан экспорттолгон электр энергиясы Ооганстандын түндүк аймактарынын арасында бөлүштүрүлөт. Тажикстандын электр энергиясын Кабулдун жашоочулары да пайдалана алышат.
3-сентябрда «Барки точик» компаниясы Нурек ГЭСи толугу менен толуп, максималдуу чекке жеткенин билдирген.
Буга чейин «Барки точик» энергохолдинги Нурек ГЭСинен өндүрүлгөн электр жарыгы негизинен өлкөнүн ички муктаждыгын камсыздоого жумшалганын, буга байланыштуу Ооганстан менен Өзбекстанга электр кубатын экспорттоо кыскартылганын маалымдаган.