Ссылки доступа

Өзбекстанда дээрлик 330 мектеп ачылып, окуучуларды кабыл алды


Өзбекстанда 7-сентябрдан тартып 329 мамлекеттик мектеп кадимки режимде ишин баштап, окуучуларды кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Элдик билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«5-сентябрга чейин Санитардык-эпидемиологиялык саламаттык борборлору мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыгын текшерип, мектеп кызматкерлери үчүн кошумча тренингдерди өткөрүштү. Мектептерди ачуу чечимин жергиликтүү элдик кеңештердин депутаттары Санэпидкөзөмөл борборлорунун сунушунун негизинде кабыл алышат», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Мекеменин басма сөз кызматы мамлекеттик мектептерде жаңы окуу жылы расмий түрдө 14-сентябрда башталарын билдирди. Өлкө боюнча 9 942 жалпы билим берүү мектеби бар.

Өзбекстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу мектептер 16-мартта жабылып, онлайн билим берүүгө өтүшкөн.

XS
SM
MD
LG