Ссылки доступа

Карагандыда фабрика жумушчулары сот чечимине каршы чыгышты (видео)


7-сентябрда Караганды шаарынын жанындагы «KAZ Феррит» көмүр байытуу фабрикасында жүздөй адам ишкана аймагында нааразылык иш-чарасын өткөрүштү.

Алар өндүрүш цехинин бир бөлүгүн жеке компанияга берүү тууралуу сот чечимине каршы. Жумушчулар ал жерде фабриканын конвейери жайгашканын айтышууда. Жумушчулар: «Жумушубузду тартып албаңызар!», «Нансыз калабызбы?», «Фабриканын токтошуна жол бербейбиз!» деген плакаттарды көтөрүп турушту.

— Биз жумушсуз калабызбы деп коркобуз. Фабриканы жаап ташташабы деп кооптонуп турабыз. Биздин артыбызда үй-бүлөбүз, балдарыбыз, насыяларыбыз бар. Жумушту кайдан табабыз. Фабрика жабылып калышы мүмкүн экенин билгенде баарыбыздын маанайыбыз чөктү, —деди фабриканын жумушчусу Олег Цейтер.

Фабрика директорунун айтымында, сот чечимине ылайык, 9-сентябрда объектилердин бир бөлүгүндө демонтаж башталат.

— Фабриканын жумушу толугу менен токтойт. Болжол менен 500 киши ишсиз калат. Жерге байланыштуу маселелер учурунда фабриканын айланасындагы жер башка компанияга таандык экенин билдик. Атайын органдар буга көңүл бурууга тийиш. Ошондуктан биз бийликке кайрылып, жерди бизге кайтарып берүүнү сурап жатабыз, — деди «KAZ Феррит» фабрикасынын директору Иван Назаренко.

«KAZ Феррит» компаниясы менен соттошкон «СВХ-Портал» компаниясы жер аларга тиешелүү экенин, жерди ижарага берүүнү сунушташканын, бирок «KAZ Феррит» буга макул болбогонун билдирүүдө.

Караганды облусунун акимчилиги жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайратуу маселеси каралып жатканын кабарлады.

«KAZ Феррит» 2008-жылы түзүлгөн. Ал көмүрдү сатып алуу, сактоо жана байытуу иштери менен алектенет. Ишкананы түзүүчүлөрдүн арасында «Самрук-Казына» фондуна тиешелүү «Самрук-Казына Инвест» компаниясы да бар. Фабрикада Караганды, Сарань шаарлары менен Петровка айлынын жашоочулары иштейт.

Видео

Видео

Айтматовдордун китепке айланган өмүрү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
XS
SM
MD
LG