Бердымухамедов мындай билдирүүсүн премьер-министрдин маданият жана ЖМК маселелерин көзөмөлдөгөн орун басары Мяхриджемал Мамедова өкмөттүн 4-сентябрдагы жыйынында отчет бергенден кийин жасады. Ал бул кызматка быйыл июлдун башында дайындалган.
Ушул эле жыйында Бердымухамедов ишиндеги «олуттуу кемчиликтер үчүн» билим берүү министринин орун басары Мердан Говшудовду кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койгон.
Түркмөнстанда көз карандысыз маалымат каражаттары жок. Мамлекеттик эмес ЖМКлар интернет аркылуу гана өтө аз маалымат беришет.
Ийгиликсиз экономикалык келишимдер жана жаратылыш газына болгон баанын төмөндөшүнөн улам Түркмөнстандын экономикасы начарлап, мамлекеттик резервдер азайып барат.