Облустун Спитамен районунда 640 окуучуга ылайыкташкан мектеп куруу тууралуу макулдашууга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга жасаган 2018-жылдын май айындагы сапары маалында кол коюлган.
Азырынча мектептин ачылышына арналган иш-чара качан өтөрү белгисиз. Агенттик бул маалымат кийинчерээк дипломатиялык каналдар аркылуу такталарын жазды.
Өзбек тарап мектептен тышкары Тажикстандын Хатлон облусундагы Кубодиён районуна 200 бейтапка ылайыкташкан оорукана куруп жатат.
Тажикстан булардын ордуна Самарканд шаарына 640 орундуу мектеп куруп берерин убадалаган. Мындан тышкары Фергана облусунун Риштан районуна бала бакча куруу ниетин билдирген.