Аймактын жашоочуларынын билдиришинче, алар кыргыз-өзбек чек арасындагы «Чечме» булагын тазалоодон улам чыккан чырга байланыштуу көрсөтмө берүүгө чакырылган.
Быйыл 31-майда Сох анклавындагы Чашма айылынын тургундары менен Баткендин Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары чектеш аймакта жайгашкан булактын айланасын тазалап жатып, чатакташа кетишкен. Эки тараптан ондогон кишилер жабыркаганы кабарланган.
Жаңжалдан кийин Сох районуна барган Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев анклав тургундарын колдобой, тескерисинче, Өзбекстанга бара турган жолду жаап салабыз деп коркуткан. Буга нааразы болгон сохтуктар Ганиевге кыйкырып, ага таш ыртышкан.
Сох районунун тургандарынын бири өткөн аптанын соңунда суракка анын 29 жаштагы кошунасы да чакырылганын, ал милиция бөлүмүндө ур-токмокко алынганын айтты:
–Кошунам досу менен райондук милиция бөлүмүнө келгенде, милиционерлер аны камап коюшкан. Алардан тышкары РИИБнын жер төлөсүндө Новобод маалесинен келген 10-15 жигит болгон. Сурак учурунда алар чыр чыкканда оорукананын жанындагы видеокөзөмөл камераларына түшүп калганын айтышкан. Алардан кимге таш ыргытышканын сурашкан. Менин кошунам эч кимди таш менен урбаганын айткан соң, аны жер төлөгө алып барып сабашкан.
Бул маалыматты сохтук усталардын бири дагы тастыктады:
–Мен сурак учрунда сохтук 28 жаштагы жигит эсин жоготуп койгонун уктум. Ушул тапта район тургундары абдан коркуп калышты. Баары кимдир бирөөгө сөз айтуудан чочуп турушат.
Сох районунун ички иштер бөлүмү жергиликтүү жигиттердин суракка чакырылганы жөнүндө комментарий берген жок. Бирок Фергана облустук администрациясынын маалымат катчысы Мухаммаджон Абидов райондун милиция жетекчилери менен сүйлөшкөнүн, суракка чакырылган уландарга күч колдонулбаганын айтты.
– Сох чакан район, РИИБ дагы анча чоң эмес имаратта жайгашкан жана ал жерде жертөлө жок. Бардык бөлмөлөрдө видеокөзөмөл камералары орнотулган.
25-августта Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 31-майда кыргыз-өзбек чек арасында болгон жаңжал боюнча кылмыш иштери 1-июнда козголгонун, анын алкагында августта бир нече тургун кармалганын билдирген.