Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын сөзүнө караганда, БШК Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге каршы жогорку сот бутагына даттана алат. Бирок БШК партияны ал шайлоонун белгиленген иш-чараларынан артта калбашы үчүн каттоого алды.
Кечээ, 9-сентябрда Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы арызын канааттандырган.
Жараян жүрүп жаткан убакта партиянын тарапкерлери имараттын сыртына чогулуп, соттун калыстыгын талап кылышты.
БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Учурда үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.