Ссылки доступа

Тажик мигранттары чартердик каттамдар үчүн билеттер кымбат болуп жатканына нааразы


Орусиядагы тажикстандык мигранттар чартердик каттамдар үчүн авиабилеттер кымбат болгондуктан үйлөрүнө кете албай жатышканын билдиришүүдө.

Тажикстан Орусиядагы жарандарын кайтаруу үчүн 15-августтан 15-сентябрга чейин 100дөн ашуун чартердик каттам уюштурган.

«Сомон Эйр» авиакомпаниясы 25-августта авиабилеттердин баасы 100 еврого төмөндөп, 300 еврону түзгөнүн билдирген. Бул 27 миң рублга барабар.

Авиакомпаниялардын өкүлдөрү буга чейин учактар Душанбеден Москвага жана Орусиянын башка шаарларына бош кетип турганын, буга байланыштуу билет баасы 40% кымбаттаганын билдиришкен.

Айрым мигранттар ортомчулардан билетти кымбат баада алып, эки аптадан бери "Домодедово" аэропортунан уча албай турушат. Өзүн Махди деп тааныштырган жүргүнчүлөрдүн бири: “Бул жерде ортомчулар билетти арзан сатып алышып, бизге 60-70 миң рублга сунушташууда. Бул чектен ашкандык. Бизде андай акча жок”, деди.

Москвадагы тажиктер борборунун башчысы Иззат Амон ушул тапта "Домодедово" аэропортунда үйүнө кетүүнү күтүп жаткан 300дөй жүргүнчү бар экенин айтты.

Тажикстан коронавирустун жайылышына байланыштуу марттын аягында аба каттамдарын токтоткон. Ошондон бери чет өлкөлөрдөгү жарандар чартердик каттамдардын жардамы менен гана келишүүдө.

Тажикстан менен Орусия арасында ырааттуу учуулар качан башталары айтыла элек.

Ушул тапта Орусияда Түркияга, Танзания жана Улуу Британияга ырааттуу каттамдар бар. Тажикстандан болсо Дубайга гана туруктуу түрдө учууга мүмкүн.

Видео

Видео

Көмүргө байланган Сүлүктү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:35:22 0:00
XS
SM
MD
LG