Ссылки доступа

Элди ээрчиткен партия барбы? (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдардын логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- «Биримдиктин» жыйынына келген мугалимдер. Араванда «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин жыйынына мугалимдердин катышканы талкууга түштү. 8-сентябрда «Биримдик» партиясынын талапкерлери Өмүрбек Бакиров, Шүкирилло Файзуллаев жана Жалалиддин Нурбаев Араван районуна караштуу Алля Анаров атындагы айыл өкмөтүндөгү мектеп жана бала бакча кызматкерлерин чогултуп, жыйын өткөргөн. (видео)

- Добуш үчүн акча сунуштаган партиялар. Шайлоого аттанган партиялар элдин добушун алууга аракет кылып, шайлоочуларды №2 форма деп аталган документ менен өздөрүнө ыңгайлуу шайлоо тилкелерине каттаганга аракет кылып жатат. Бул үчүн алар элдин паспорт көчүрмөсүн чогултуп, акча да сунушташууда. Ошондой эле жол салып берүү сыяктуу башка да убадалар менен элдин добушун алууга аракеттер жасалууда. Мындай иштерде бийликке жакын партиялардын аттары аталып жатат. Паспорт чогултуу, элдин добушун сатып алуу аракеттери тууралуу “Азаттыктын” иликтөөсүн сунуштайбыз. (видео)

- Элди ээрчиткен партия барбы? 4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Өлкөдө чыныгы, анык бир көз карашты тутунган партия барбы? Парламентаризм канткенде бекемделип, бийлик башына бир ууч топтун кызыкчылыгын көздөбөгөн, өлкө байлыгын олигархтардын кызыкчылыгына иштетүүгө жол ачпаган күч келет? (видео)

- Журналисттер Болгариядагы антикоррупциялык нааразылыктардын курмандыгы болуп калууда. (видео)

- Кызылордо облусунда жайытты бута атышуучу жерге айландырышты. (Казакстандан видео)

- Шайлоо-2020. Партиялардын тизмеси. (инфографика)

- Тажикстандын көз карандысыздыгына карата эки башка көз караш. (видео)

- Казакстанда окуучулар мектепке кайтабы? (видео)

- Өзбекстандык мигранттар казак-орус чек арасында топтолуп турушат. (Настоящее время)

- Италиялык окумуштуулар орус вакцинасы тууралуу маалыматтардан күмөн санашууда. (Настоящее время)​

- «Нур Отандын» праймеризи үчүн мугалимдер «мажбурлап каттоого алынууда». Казакстанда бийликтеги «Нур Отан» партиясы «праймериз» өнөктүгүн баштады. (Казакстандан видео)​

- Тажикстандагы президентик шайлоодо коммунисттердин жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү канчалык? (видео)

- Интернетке туташуу үчүн чатырга чыккан окуучулар. Атырау облусундагы Ескене айылында окуучулар сабак башталганда чатырларга чыгууга аргасыз. (Казакстандан видео)

- Эмнеге Казакстандагы онлайн-сабактарда порнография көрсөтүлдү? (Настоящее время)

- Дүйнөнүн алдыңкы 20 экономикасы. (инфографика)

- «Окутуучулар жок!» «Астана» университетинин студенттери министрге даттанышты. (видео)

- Коронавирус маалындагы жаңы кесиптер. (видео)

- Тажикстанда бир жылда 13 миң компания жабылды. Буга эмне себеп болду? (видео)

- Facebook шайлоо алдында эрежелерин өзгөртүүдө. (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG