Ссылки доступа

Казакстанда уран кендериндеги кооптуу жайлардын тосмолору уурдалды (видео)


Түндүк-Казакстан облусунда иштетилип бүткөн уран кендериндеги кооптуу жайлар менен шахталардын коргоочу тосмолору уурдалды. Бул тууралуу облустук экология департаменти билдирди.

«Кендерде кароолчунун жоктугунан улам шахталар менен кооптуу жайлардагы коргоочу тосмолорду уурдап кетишти. Имараттарды бузуп, курулуш материалы, түстүү металл катары алып кетишкен», — деп жазылган мекенин билдирүүсүндө.

Департаменттин маалыматына караганда, облустагы Айыртау жана Мусрепов райондорунда иштетилип бүткөн алты уран кени жайгашкан. Алардын баарында жумуштар токтулганы менен бийлик тийиштүү коопсуздук чараларын көрбөй келет.

2018-жылы облустук акимчилик 2019-2020-жылдары кендин айланасындагы тосмолорду бекемдөө планын бекиткен. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ал документтеги төрт гана пункт аткарылды. Эки райондун бийликтери да шахталардын коргоочу тосмолорун калыбына келтирүүгө акча бөлүү тууралуу өтүнмө жөнөтүшкөн эмес.

Мусрепов атындагы райондун акими Нурлан Туребеков кендердеги бардык шахталар курчалып, көмүлгөнүн, бирок бул иштер долбоорлоо чечимдерисиз жана ыйгарым укуктуу органдардын экспертизасыз аткарылганын билдирди.

Pszsk.info сайты 2-сентябрда сотко Айыртау районундагы кендерди ээсиз деп таануу тууралуу арыз берилгенин жазды. Тиешелүү чечим кабыл алынса жергиликтүү бийлик уран кендерин курчап, жер кыртышын калыбына келтирүү иштери менен алектене алат. Бүгүнкү күндө кендеги имараттарга каалаган адам кирип-чыга алат.

Басылманын маалыматына караганда, райондо радиациялык фон белгиленген нормадан ашык эмес.

XS
SM
MD
LG