Ссылки доступа

Бейрут портундагы ири өрт өчүрүлдү


10-сентябрда Ливандын борбор шаары Бейруттун портунда чыккан ири өрт кечке жакын өчүрүлдү.

Порттогу күйүүчү-майлоочу материалдар жана автоунаа дөңгөлөктөрү сакталган кампада чыккан өрттү өчүрүүгө аскердик тик учактар да тартылды.

Өлкө президенти Мишель Аун Бейрут портундагы жарылууга тышкы күчтөрдүн тиешеси болушу мүмкүн экенин билдирди. «Бүгүнкү өрт атайын жасалган саботаж актысы же техникалык катадан улам чыккан болушу мүмкүн», — деди ал.

4-августтун кечинде да Бейрут портунда кош жарылуу болгон. Анда алты жыл мурда Ливандын бийлиги кемеден конфискациялап алган 2750 тонна аммиак селитрасы жарылып кеткени ачыкка чыккан. Кырсыктан 154 киши каза болуп, беш миңден ашык тургун жабыркаган. Бул окуядан кийин жүздөгөн адам көчөгө чыгып, бийликти шалаакылыкка айыпташкан.

XS
SM
MD
LG