Ссылки доступа

Тажикстан: Чет өлкөлөрдө 39 шайлоо тилкеси ачылат


Президенттик шайлоого карата чет өлкөдөгү тажик жарандарынын укугун коргоо максатында 29 өлкөдөгү элчиликтерде, өкүлчүлүктөрдө жана консулдуктарда 39 шайлоо тилкеси ачылат.

Бул тууралуу “Озоди” радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат катчысы Носиржон Салими билдирди.

Анын айтымында, БШК шайлоону бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өткөрөт.

Маалыматка караганда Орусия менен Тажикстандын ортосунда 1997-жылы 26-апрелде ратификацияланган келишимге ылайык, кош жарандыгы бар кишилер да шайлоого катыша алат.

Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт жана бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы алтынчы шайлоо болуп калат. Бул шайлоолордун баарында азыркы президент Эмомали Рахмон жеңген. Ал өлкөнү соңку 28 жылдан бери башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG