Ссылки доступа

Тажикстанда коомдук жайларда беткап тагынбаган 2600дөн ашык кишиге айып пул салынды


Хожент шаары. Июль 2020-жыл.
Хожент шаары. Июль 2020-жыл.

Тажикстанда санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөөгө багытталган жаңы жоболордун негизинде 2 600 кишиге айып пул салынды.

Быйыл июлда өлкөнүн Административдик кодексиндеги эки беренеге өзгөртүүлөр киргизилген. Анда гигиена эрежелерин сактабагандарга, анын ичинде коргоочу беткап тагынбагандарга айып пул салуу жазасы каралган. Бийлик мындай өзгөртүүлөр өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу үчүн киргизилгенин билдирген.

Тажикстан Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, айып пул салынган 2 600 кишинин көбү коомдук транспорттордо, базарларда жана дүкөндөрдө беткапсыз жүргөндүгү үчүн жазаланган.

Жаңы жоболордо беткап тагынбагандарга 116-290 сомони (11-29 доллар), кооптуу жугуштуу ооруларды жайылткандарга 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазалары каралган.

Тажик бийлиги өлкөдө коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын быйыл 30-апрелде билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 9049га жетип, 72 бейтап каза болду. Бирок тажикстандыктардын көбү бул расмий статистикага ишенбей, илдетке кабылгандар менен көз жумгандар кыйла көп экенин билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG