Ссылки доступа

Навальный ууландырылганын дагы эки лаборатория ырастады


Алексея Навальный Омск шаарынан Берлинге жеткирилүүдө
Алексея Навальный Омск шаарынан Берлинге жеткирилүүдө

Франциядагы жана Швециядагы көз карандысыз эки лаборатория Германиянын өтүнүчү менен орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын анализдерин текшерип, анын «Новичок» тобундагы уулуу зат менен ууландырылганын ырасташты. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Германиянын өкмөтү кабарлады.

«Бүгүнкү күнгө карата бири-бирине көз карандысыз үч лаборатория Навальный нервди шал кыла турган «Новичок» тобундагы зат менен ууландырылганын ырастады. Анализдин жыйынтыктары Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмга жөнөтүлдү. Эми алар уюмдун лабораторияларында изилденет. Биз Орусияны дагы бир жолу окуя боюнча түшүндүрмө берүүгө чакырабыз», — деп жазылган немис өкмөтүнүн сайтындагы билдирүүдө.

Навальныйдын канында «Новичок» тобундагы уулуу заттын изи табылганын немис өкмөтү 2-сентябрда бундесвер лабораториясына шилтеме кылып билдирген. Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас Орусия бир нече күндүн ичинде окуя боюнча түшүндүрмө бериши керектигин, болбосо Берлин Европа биримдигиндеги өнөктөштөрү менен жооптуу чара көрүү маселесин талкуулай турганын билдирген.

Немис басылмалары өз булактарына таянып, адистер Навальный «Новичоктун» жаңы түрү менен ууландырылган деген бүтүмгө келишкенин жазышты. Германия чалгыны саясатчыны ууландырууга Орусиянын атайын кызматынын тиешеси болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

Расмий Москва Навальныйдын Орусияда алынган анализдеринде уунун белгилери болбогонун билдирип, анын ууландырылганыдыгы тууралуу маалыматтарды четке кагууда.

Орус оппозициячысы Алексей Навальный 20-августта Томскиден Москвага баратып, эстен танган. Учак Омскиге чукул конуп, саясатчы «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилген. Эки күндөн кийин Берлиндеги клиникага которулган.

XS
SM
MD
LG