Ссылки доступа

COVID-19: Түркмөнстанда айрым дарыгерлер өз каалоосу менен жумуштан кетүүдө


Түркмөнстан (иллюстрациялык сүрөт)
Түркмөнстан (иллюстрациялык сүрөт)

Расмий түрдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек Түркмөнстанда дарыгерлердин COVID-19 жуктуруп алуу тобокелдиги жогору болууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөдө коронавирустун белгилери менен ооруканаларга жаткан медицина кызматкерлери көбөйүүдө. Алардын арасында өз каалоосу менен жумуштан кеткендери да аз эмес.

«Көп профилдүү ооруканада коронавирус белгилери байкалган медайымдар менен дарыгерлер көбөйүүдө. Азыр оорукананын 62 жаштагы хирургу оор абалда жатат. Анын уулу менен кызы да ооруканада дарыланууда. Мындай абалга тынчсызданган айрым дарыгерлер, медайымдар жана санитарлар жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып жатышат», — деди Түркмөнабад шаарындагы ооруканалардын биринин кызматкери.

Ошол эле маалда оор шарттарда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине айлыктар да өз учурунда берилбей жатканы айтылууда.

«Лебаптагы көп профилдүү оорукананын бюджети бейтаптардын санына жараша куралат. Азыркы абалга байланыштуу ал карантиндик аймакка айлангандыктан, киреше түшпөй калды, өкмөт тараптан да колдоо жок. Кызматкерлердин маянасын төлөөгө акча жок болууда», — деди оорукана дарыгерлеринин бири.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур жок экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG