Ссылки доступа

NYT: Навальныйдын Орусияга кайтып келүү нитети бар


Берлиндеги «Шарите» ооруканасында дарыланып жаткан орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный абалы түзүк болуп калгандан кийин Орусияга кайтып келет.

Бул тууралуу «The New York Times» басылмасы немис коопсуздук органынын жогорку даражалуу өкүлүнө шилтеме кылып жазды. Анда Навальный өзүн ууландырган жагдайды Германиянын Орусия менен чогуу иликтешине каршы болгон. Басылманын булагы Навальный катуу ууланганына карабай «өз абалы тууралуу жакшы билет, эмне болгонун толук аңдап түшүнөт жана кайда экени тууралуу кабардар» деп айткан.

Мунун алдында «Шарите» клиникасы Навальный кыйла оңолуп, керебетинен турганга жарап калганын маалымдаган жана ал өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттан ажыратылганын билдирген.

Ага чейин немис өкмөтү Франция менен Швейциядагы эки эркин лабораторияда Навальныйдын анализи текшерилгенин, анда немис адистеринин орусиялык оппозициячыл саясатчынын ууланганы тууралуу корутундусу бышыкталганын билдирген.

Германия тараткан билдирүүдө «ушул кезге карата үч лаборатория Навальный «Новичок» тобуна кирген, нервди шал кыла турган зат менен ууланганы тууралуу өз-өзүнчө корутунду чыгарды» деп айтылат.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.

Берлин Кремлди сындап келген саясатчы анын «көзүн тазалаш үчүн» нервди шал кыла турган зат менен ууландырылганын жарыялаган. Москва болсо мындай шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырган.

XS
SM
MD
LG