Ссылки доступа

Ташкентте жеке ишке орноштуруу агенттигинин жетекчилери соттолду


14-сентябрда Ташкенттин Яккасарай райондук соту Korean and Migrations xususiy bandlik agentligi аттуу жеке ишке орноштуруу агенттигинин иши боюнча өкүм чыгарды.

Ага ылайык, агенттиктин директору Кахрамон Отакулов менен Наманган облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Одил Кабилов тогуз жылдан эрктеринен ажыратылды. Мындан тышкары агенттиктин түзүүчүсү Хушвакт Турдиев менен окуу иштери боюнча директору Мусурмон Аликулов 8 жыл 3 айга соттолушту. Ошондой төртөөнө тең үч жыл жетекчилик жана материалдык жоопкерчиликке байланышкан кызматтарда иштөөгө тыюу салынды.

Korean and Migrations xususiy bandlik agentligi агенттигинин иши сотто быйыл 2-июнда карала баштаган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, агенттиктин өкүлдөрү өзбекстандыктарга Түштүк Кореяга жумушка жөнөтөбүз деп убада берип, алар менен жасалма келишимдерди түзүп, жалган дүмүрчөктөрдү пайдалануу менен ири суммадагы акчаны өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышкан.

Жалпысынан бул иште 2372 киши жабырлануучу жана жарандык доочу катары таанылып, аларга келтирилген материалдык зыян 24,2 миллиард сумга (2,5 миллион доллар) бааланган.

XS
SM
MD
LG