Ссылки доступа

Тажикстанда БШК эки талапкерди каттаган жок (видео)


Саидджафар Усмонзодa
Саидджафар Усмонзодa

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Саидджафар Усмонзода менен өзүн-өзү көрсөткөн Фаромуз Иргашевди каттоодон баш тартты.

Иргашев мыйзамда көрсөтүлгөндөй 250 миң эмес 85 миң кишинин гана колун топтой алган.

Хорогдук адвокат шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү үчүн бийлик менен соттошууга ниеттенүүдө:

– Мен шайлоо жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүнү талап кылып, Тажикстандын Конституциялык сотуна кайрылам. Бул мыйзамды өзгөртүү керек, себеби ал тажикстандыктардын конституциялык укуктарын тебелеп жатат.

Два политика, которых не допустили к выборам президента Таджикистана: кто они
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:44 0:00

Ал эми Демократиялык партиядан талапкер Усмонзода БШК менен соттошпой турганын жарыялады. Саясатчы шайлоого аз гана убакыт калганын, чечимди кайра өзгөртүүгө үлгүрбөй турганын кошумчалаган. Ал эмне себептен каттоодон өтпөй калганын да билбейт. Чечимдин кортундусу колуна тие элек.

"Биз бардык документтерди тапшырганбыз. Талапкер үчүн бардык документтер, съезддин документтери да болгон. Тиешелүү өлчөмдө кол да чогултканбыз", – дейт Саидджафар Усмонзода.

Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт. Ага беш саясий партиядан беш талапкер, анын ичинде азыркы президент Эмомали Рахмон да катышат.

XS
SM
MD
LG