Бул үчүн бир эксперттин кортундусу жетиштүү. Документтин автору – Башкыр мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары жана Мамдуманын “Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаты Рамзил Ишсарин.
Учурда Орусияда экстремисттик сайттар соттун чечими менен бөгөттөлөт. Прокуратура же тергөөнүн арызынын негизинде федералык сот экстремизмдин белгилерин карап чыккандан кийин гана Роскомнадзор сайтты тыюу салынган маалыматтардын тизмесине киргизет.
Авторлордун пикиринде, азыркы эреже эффективдүү эмес. Алар экстремисттик ресурс табылгандан кийин аны бөгөттөөгө өтө көп убакыт кетип калууда деп эсептешет.