“Азаттык” радиосу маалымдагандай, бул китеп азырынча райондук дүкөндөрдө сатыкка чыга элек. Китепти облустун борборундагы айрым дүкөндөрдөн гана табууга болот.
“Ушул жумада Фарап районунун Женди айылдык кеңешинин Маданият үйүнүн кызматкерлери аталган китепти издөөгө аргасыз болушту. Талапты аткарбай коюу мамлекеттик саткынчылык менен барабар болууда”, - деди редакциянын кабарчысы.
Түркмөнстанда мамлекеттик телеканалдар 4-сентябрда Гурбангулы Бердымухаммедовдун жаңы китеби жарык көргөнүн маалымдашкан.
Китептин расмий баасы канча экенин белгисиз. Жергиликтүү мекемелердин биринин кызматкери аны 60 манатка сатып алганын, бул расмий курс боюнча 17 доллар экенин билдирди.
Түркмөн бийлиги быйыл жыл башынан бери элди президенттин жаңы сүрөтүн сатып алууга, пахта теримге, иттер үчүн питомник курууга, коронавируска каршы дезинфекциялык каражаттарды жана медициналык жабдууларды сатып алууга милдеттендирип келет.
Түркмөнстанды 11 жылдан бери башкарып келе жаткан Гурбангулы Бердымухаммедов ар кыл тематикадагы 60тан ашуун китеп чыгарды.
Анын чыгармалары окуу жайларда окутулат, коронавирус пандемиясы учурунда алардын негизинде ден соолук багытында сабактар өткөрүлдү.