Ссылки доступа

Укук коргоочулар Швейцарияны Каримованын акчасынын Өзбекстанда уурдалышына жол бербөөгө чакырышты


Өзбекстандык укук коргоочулар менен чет өлкөдө жашаган мурдагы саясий туткундар Швейцария өкмөтүнө ачык кат жолдоп, Гүлнара Каримованын активдеринин Өзбекстанда кайрадан коррупциялык схемалар аркылуу уурдалышына жол бербөөгө чакырышты.

Адам укуктары боюнча өзбек-герман форумунун демилгеси менен даярдалган ачык кат 16-сентябрда Uzbekforum.org сайтына жарыяланды. Активисттер Өзбекстанга кайтарылган каражаттын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча реформаларды колдоого багытталышын талап кылышууда.

Онго жакын өзбекстандык укук коргоочулар, журналисттер жана мурдагы саясий туткундар Швейцариянын банктарында тоңдурулган каражатты кайтарууда «ачык-айкындуулукту» камсыздоону талап кылышты.

«Өлкөдө бир аз либерализация байкалып жатканы менен өкмөт азырынча коррупцияга каршы чечкиндүү чараларды кабыл ала элек. Ошондуктан коррупциялык жол менен тонолгон өзбек элинин байлыгынын кайра эле жемкорлордун колуна барып калуу ыктымалдыгы жогору», — деп жазылган катта.

11-сентябрда Швейцария өкмөтү Гүлнара Каримовага козголгон кылмыш ишинин алкагында конфискацияланган акчалай каражатты кайтаруу боюнча расмий Ташкент менен принципиалдуу келишимге жетишкенин билдирген.

Эки өлкө кол койгон келишимге ылайык, швейцариялык эсептерден алынган 131 миллион долларга тете активдер Өзбекстан бийлигине кайтарылат. Ага чейин Ташкент бир катар талаптарды аткарышы керек. Маселен, өзбек бийлиги акчаны алуу учурунда ачык-айкындуулукту камсыздап, аны элдин жашоосун жеңилдетүүгө арналган долбоорлорго жумшоого милдеттүү.

Маалыматка караганда, Гүлнара Каримовага таандык дагы 650 миллион швейцария франкы тоңдурулган бойдон турат. Бул каражат кайратыла турган болсо, дагы деле дал ушул талаптарды аткаруу керек болот.

Гүлнара Каримованын Швейцария банктарындагы эсептери 2015-жылы, ага каршы АКШда жана Европанын бир нече өлкөсүндө акча уурдоо боюнча кылмыш иши козголгондон кийин тоңдурулган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Каримова алты телекоммуникациялык компаниядан 1 миллиард долларга жакын пара алып, бул үчүн аларга Өзбекстандагы мобилдик байланышка лицензия берүүнү убадалап, каражатты офшор компаниялар аркылуу чет өлкөлөргө чыгарып кеткен.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги Швейцариянын, АКШнын, Франциянын жана Орусиянын тиешелүү органдары менен бирге башка каражаттарды кайтаруу ишин улантууда. Кеп Каримованын дагы 1,3 миллиард доллары жөнүндө болуп жатат.

Каримова опузалап мүлктү менчиктеп алуу, ыксыз сарптоо, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо боюнча коюлган айыптар менен түрмөдө отурат. Ал жалпысынан 13 жыл 4 айга кесилген.

XS
SM
MD
LG