Ссылки доступа

Тажикстанда милиция электр кубатын уурдоо схемасын аныктады (видео)


Душанбеде милиция энергетикалык сектордогу коррупциялык схеманы аныктады.

Ондогон контролерлор пара алып, айрым ишканалардын жана жашоочулардын эсептегичиндеги көрсөткүчтү азайтып берип жүрүшкөн.

Жакында Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгы электр эсептөөдөгү алдамчылык иши боюнча кармалган кишинин видеосун көрсөттү.

Видеодо өзүн Тоджиддин Собиров деп тааныштырган киши: “Контролерлор мага электр эсептегичтерин беришчү, мен аларды Мухаммедге алып барчумун. Ал электр эсептегичтердин көрсөткүчүн төмөндөтүп койчу. Анан мен аларды кайра контролерлорго кайтарчумун”, -деп айтып берген.

Айрым маалыматтар боюнча Тажикстанда өндүрүлгөн электр кубатынын 10% жоготуу катары эсептен чыгарылат жана аны эч ким төлөбөйт.

Милиция в Таджикистане раскрыла схему воровства электричества с участием контролеров
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00

Мамлекеттик "Барки Тожик" энергохолдинги Тажикстандагы чыгашалуу ири ишканалардын бири. Компаниянын электр кубатын өндүргөндөргө, инвестициялык долбоорлорго жана салыкка карызы 2 миллиард 800 миллион долларга жетти.

Бул арада Тажикстандын айрым аймактарында элект кубаты үчүн алдын ала акы төлөө системасы киргизилген. Бул пилоттук долбоор жалпы өлкөгө жайылтыла элек. Жаңы системага ылайык, алдын ала акча төлөнгөн учурда гана жарык берилет.

XS
SM
MD
LG