Ссылки доступа

Тажикстан бийлиги көйгөйлүү эки банкты жоюуга ашыкпайт


Тажикстандын Улуттук банкы 17-сентябрда «Точиксодиротбанк» менен «Агроинвестбанк» кардарлардын акчаларын кайтарып бермейин жабылбай турганын билдирди.

Муну менен Улуттук банк Эл аралык валюта фондунун көйгөйлүү эки банкты жоюу сунушуна жооп берди.

Эл аралык каржы уюму 14-сентябрда расмий билдирүү таратып, бул банктар «система түзүүчү» банктар деп аталганы менен алардын «төлөө кудуреттүүлүгү» төмөн экени белгилеп, жоюуну сунуштаган.

Эки банктын өкүлдөрү Эл аралык валюта фондунун сунушуна комментарий бере элек.

Эл аралык валюта кору буга чейин да тажик бийлигине «Точиксодиротбанк» менен «Агроинвестбанкты» жоюу сунушун берген. Эки банк тең 2015-жылдан бери каатчылыкты башынан кечирип, кардарларынын аманаттарын кайтарып бере албай келишет. 2016-жылдын аягында бийлик бул банктарга 3,3 миллиард сомони өлчөмүндө каржылык жардам көрсөткөн, бирок бул аларды каатчылыктан чыгара алган эмес.

XS
SM
MD
LG