Ссылки доступа

Жээнбеков: Темир жол долбоору боюнча Орусия менен сүйлөшүп жатабыз


Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга жасаган расмий сапарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору талкууланганын билдирди.

Президент 19-сентябрда «Биринчи радиодогу» маегинде бул долбоор Кыргызстан үчүн керек экенин, пандемия учурунда чек аралар жабылганда өлкө оор абалда калганын эске салды.

Бул долбоор боюнча эксперттер иштеп жатканын, аны ишке ашырууга Кытай тарап да кызыкдар экенин кабарлады. Орусия менен да сүйлөшүүлөр болуп жатканын кошумчалады.

«Темир жол долбооруна катышуу тууралуу Орусия менен да жогорку деңгээлде сүйлөшкөнбүз. Азыр Орусиянын темир жолдору бул маселе боюнча биздин темир жолдор менен тыгыз иштей баштады. Бул долбоор боюнча Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан, Орусия менен (3+1 форматында) активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз».

2002-жылы Бээжин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Ал негиздеме боюнча темир жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Каттамдын узундугу 268 чакырым деп эсептелген.

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун курулушу көп жылдан бери айтылып, ишке ашпай келет. Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери күчөп, сүйлөшүүлөр жанданган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес. Ошондон кийин кыргыз бийлиги кайра Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун жактап, жаңы маршрутту сунуш кылган.

2020-жылдын 17-июнунда ««Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоор бир айдан кийин башталат» деп билдирген. Бирок эки күндөн кийин мамлекеттик ишкананын расмий сайты (Kjd.kg) «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин башталат» деген кабарды өчүрүп салган. Кийинчерээк Транспорт министрлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга электигин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG