Журналисттин атасы Абдуманнон Шарифов өткөн айда уулунун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу аны мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыгаруу өтүнүчү менен доо арыз жазганын билдирди. Анын айтымында, июлдун башында уулу жатак абагына которулушу керек болчу.
Быйыл апрелде Душанбенин Шохмансур райондук соту Далер Шарифовду бир жылга жалпы режимдеги колонияга кескен. Ал китебинде Тажикстанда тыюу салынган уюмдардын идеологиясы тууралуу жазган деп айыпталып, «Улут, раса жана дин аралык кыстыкты козутуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.
Журналист ушул жылдын башында Тажикстандагы парламенттик шайлоону утурлай камалган. Ага «улут, раса жана дин аралык кастыкты козуткан», өлкөдө 2006-жылдан бери тыюу салынган «Мусулман агайындар» кыймылынын атынан «үгүт жүргүзгөн» деген айыптар коюлган. Шарифов күнөөсүн мойнуна алган эмес.
«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму тажик бийлигин Далер Шарифовду токтоосуз түрмөдөн бошотууга чакырып, ага кылмыш ишинин козголгонун «акылга сыйбай турган көрүнүш» катары сыпаттаган.