Ссылки доступа

АКШ Иранга каршы БУУнун санкцияларын жандантканын билдирди


АКШ Европадагы өнөктөштөрүнүн каршылыгына карабастан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Иранга каршы санкцияларын жандантты. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди.

«Эгер БУУга мүчө өлкөлөр бул санкциялардын ишке кириши боюнча өз милдеттенмелерин аткара алышпаса, АКШ ички ыйгарым укуктарын пайдалануу менен бул үчүн чара көрүүгө даяр», — деди Помпео.

20-сентябрда АКШнын бул билдирүүсүнө жооп катары Иран дүйнөнүн калган мамлекеттерин Вашингтондун «акылсыз аракеттерине» каршы биригүүгө чакырды. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Саид Хатизаде Тегеран башка өлкөлөрдөн АКШнын бул чечимине карата биргелешкен жооп чарасын күтө турганын билдирди.

БУУнун Коопсуздук кеңеши быйыл августта АКШнын Иранга каршы бардык санкцияларды кайра жандантуу аракетине жол бербей койгон. Кеңешке мүчө 15 мамлекеттин көбү каршы чыгышкан.

Иранга каршы санкциялардын көпчүлүгү 2015-жылы Тегеран менен кубаттуу алты державанын (АКШ, Франция, Улуу Британия, Кытай, Орусия жана Германия) ортосунда келишилген өзөктүк макулдашууга ылайык алынган. 2018-жылы АКШ ал макулдашуудан чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG