Ссылки доступа

Сирия оппозициясы: Орусия учактары Идлибге сокку урду


Reuters агенттиги сирия оппозициясындагы өз булагына таянуу менен Орусиянын согуштук учактары Сириянын түндүк-батышындагы райондорго бомба таштаганын билдиришти. Бул аймак президент Башар Асаддын куралчан каршылаштарынын көзөмөлүндө.

Күбөлөрдүн айтымында, согуштук учактар Идлиб шаарынын батышын көздөй сокку урган. Курман болгондор тууралуу маалымат жок.

Куралдуу оппозиция өкүлдөрү бир суткада отуздай учуу болгонун билдирүүдө. Орусия да, Сирия өкмөтү да бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Быйыл март айында Орусия менен Түркиянын президенттери ок атышууну токтотууга кепил болууга макулдашкандан бери Идлибде мындай ири масштабдуу бомбалоо боло элек болчу.

Сирияда быйыл он жылга аяк баскан согушта Орусия президент Башар Асадды колдоп жүрөт. Түркия болсо сириялык айрым козголоңчу топторго жардам берери белгилүү.

XS
SM
MD
LG