Ссылки доступа

Мирзиёев БУУнун Башкы Ассамблеясында өзбек тилинде сүйлөйт


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 23-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында сөз сүйлөп, жалпы саясий дебаттарга катышат.

Өзбек президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, БУУнун тарыхында биринчи жолу Башкы Ассамблеянын негизги иш-чарасы дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу видеоконференция форматында өтүп жатат.

Шавкат Мирзиёев жалпы жыйында сөз сүйлөп, аймактык жана глобалдык маанидеги маселелер боюнча өз пикирин билдирип, Өзбекстандын саясий, социалдык жана экономикалык жаңылануусундагы артыкчылыктарды аныктайт.

Жергиликтүү басылмалар эгемен Өзбекстандын тарыхында президент биринчи жолу БУУнун жыйынында өзбек тилинде сүйлөй турганын жазышууда.

Мирзиёев 2017-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын Нью-Йоркто өткөн 72-жыйынына катышкан. Анда президент орус тилинде сөз сүйлөгөн.

XS
SM
MD
LG