«Алексей Навальныйдын ууландырылышына байланыштуу АКШ эч кандай чара көрбөйт деп ойлоого негиз жок. Анткени Вашингтон химиялык курал колдонулбашы керек деп эсептейт. Бул боюнча бардык фактылар келгенден кийин ошого жараша тиешелүү реакция болот», — деди Помпео.
Ал Вашингтон Химиялык курал колдонууга тыюу салуу уюму жүргүзүп жаткан изилдөөнүн жыйынтыктарын, ошондой эле Навальныйдын ууландырылышы боюнча Орусиянын тергөөсүн күтө турганын белгиледи.
Орусиялык оппозиционер Навальный 20-август күнү Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Алгач Омскидеги ооруканага жеткирилип, кийин жакындарынын талабы менен Берлиндеги «Шарите» клиникасына которулган. Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Навальный нервди шал кылуучу «Новичок» заты менен ууландырылганын билдиришкен. Кремль буга эч кандай тиешеси жок экенин айтып келет.