Ссылки доступа

«Каралардын» карааны көрүнгөн шайлоо (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдардын логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- «Каралардын» карааны көрүнгөн шайлоо. Ош облусунун Араван районунда «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда калайман мушташ менен коштолгон чыккан чыр парламенттик шайлоо өнөктүгү учурундагы коопсуздук маселесин күн тартибине чыгарды. Эмне себептен күч органдары Араванда чатактын алдын алган жок? Шайлоодо партиялар таза атаандаштыктан оолактап, кара күчкө көбүрөөк ыктаганы кооптуу белгиби? (видео)

- Шайлоо: №2 форма добуш сатууга шарт түзөбү? Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 445 миңге жетти. Бул жолку шайлоодо №2 форма добуш сатып алууга шарт түзөт делген талаштуу документ бойдон калууда. (видео)

- Малина жыттанган Кызыл-Туу. Ушул тапта Чүй облусунун Кызыл-Туу айылындагы багбандар малинанын акыркы түшүмдөрүн жыйнап жатат. Айыл эли короосунда, талааларда малина өстүрүп, аны сатып жан багат. (видео)

- Казакстанда 2020-жылдын жайында өлүм саны адаттагыдан 2,5 эсе көп болду. (видео)​

- Балыкчылык ширетүүчүнүн кыялы​. (Кыргызстандан видео)

- Куш тумоосу Казакстандын дагы төрт аймагына жайылды. (Настоящее время)

- Коронавирус кандай жайылган – анимациялык инфографика. (инфографика)

- Нур-Султанда сегиз жылдан бери батирлерин ала албай келген үлүшчүлөр бийликке кайрылышты. (Казакстандан видео)

- Минск шаарынын тургуну кармоо маалында аны ОМОН зордуктаганын билдирди. (Настоящее время)

- Тажикстан Орусия менен аба каттамдарын жандантууга даяр. (Настоящее время)

- Мектеп формасы, хиджапчан окуучулар жана аралыктан окуу — Актөбөдөгү абал. (Казакстандан видео)

- Европа карантин чараларын кайрадан киргизүүдө. (Настоящее время)

- Тажикстанда базарларда жумуш издегендер көбөйүүдө. (Настоящее время)

- Онлайн окуу энелердин эсин оодарды. (видео)

- Беларус: Минск шаарында акцияга чыккан аялдар кармалды. (сүрөт баян)

- «Үмүт шооласы» - мүмкүнчүлүгү чектелген үч небересин тарбиялап жаткан ата-эне тууралуу тасма. (видео Директ)

- Тез жардам кызматкерлери «коронавирустук» төлөмдөрдүн токтотулушуна нааразы болууда. (Казакстандан видео)

- Душанбенин тургундары жаңы президенттен эмнелерди күтүшөт? — шайлоо алдындагы сурамжылоо. (видео)

- Дүйнөдө коронавируска байланышкан нааразылык акциялар өтүүдө. (Настоящее время)

- Казакстанда ырчылар үчүн жаңы эрежелер киргизилүүдө. (видео)

- Эки балалуу келин убактылуу жашап жаткан вагондон чыгарылганы жатат. (Тажикстандан видео)

- Шайлоо-2020. Партиялардын тизмеси. (инфографика)

- Жүз миңдеген кыргызстандык алигиче таза сууга жете элек. (Настоящее время)

- Одесса портунда тонналаган селитра ачык асман алдында жатат. (Настоящее время)​

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG