Ссылки доступа

Тажикстан: президенттин сапарына карата Хатлондун тургундарынан 20 сомониден талап кылынууда


Эмомали Рахмондун Хатлон облусуна сапары. 22-сентябрь.
Эмомали Рахмондун Хатлон облусуна сапары. 22-сентябрь.

Тажикстандын Хатлон облусуна караштуу Вахш районунун тургундары президенттин сапарынын алдында айылдык кеңештин кызматкерлери үймө-үй кыдырып, ар бир үй-бүлөдөн 20 сомониден (2 доллар) талап кылып жатышканын билдиришти.

Мамлекет башчы Эмомали Рахмон 22-сентябрда иш сапары менен Хатлон облусуна барган. Шейшемби күнү Шаартуз, Леваканд жана Бохтар райондорунда болуп, эми Вахш районуна барат деп күтүлүүдө.

«Менин сегиз балам бар, экөө майып. Мен өзүм акчага муктажмын. Апрелдеги жер силкинүүдөн биздин үй зыянга учураганда эч кандай жардам болгон эмес. Азыр болсо бизден акча талап кылып жатышат. Мен президентке жолукканда булардын баарын айтам», — деди Вахш районундагы айылдардын биринин тургуну Жумагул Ашурова.

Райондун аты-жөнүн айткысы келбеген дагы бир тургуну айылдык кеңештин кызматкерлери колунда бар тургундардан көбүрөөк акча талап кылып жатышканын билдирди.

Бирок райондогу Вахдат айылдык кеңешинин төрагасы Косим Давлатов президенттин сапарына карата карапайым тургундардан эч ким акча чогултпаганын айтты. «Ооба, биз гүлдесте жана борбордук аянттагы оргуманын тегерегин көрктөндүрүү үчүн акча чогултук. Бирок акча май куюу жайларынын ээлеринен жана дыйкан чарбаларынын жетекчилеринен гана алынды», — деди ал.

Райондогу башка айылдык кеңештердин өкүлдөрү бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Өткөн жылы августта Согди облусунун тургундары президенттин сапарына карата азык-түлүк чогултууга милдеттендирилишкенин айтып чыгышкан. «Мечиттин имамы ар бир үй-бүлөнү айылдык кеңешке бир килограммдан күрүч жана эт, ошондой эле экиден нан алып барууга милдеттендирди», — деп билдирген тургундардын бири. Бирок жергиликтүү бийлик мындай маалыматтарды четке каккан.

2012-жылы мамлекет башчы шаарлар менен райондордун башчыларынан жергиликтүү тургундардан акча чогултууну токтотууну талап кылган.

Ошол эле маалда аймактардагы жетекчилер жергиликтүү бюджетте президентти тосуп алуу үчүн чыгымдар каралбаганын, мындан улам тургундардан жардам суроого аргасыз болушарын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG