Ссылки доступа

Минскиде милиция демонстранттарды суу бүркүп таратты (видео)


Минскиде милиция Александр Лукашенконун инаугурациясына каршы чыккан кишилерди суу бүркүп таратты.

Кечке маал күбөлөр Беларус борборунда атышуу болгонун, митингге чыккандар кармалганын кабарлашты. “Интерфакс” агенттиги ок асманга атылган болушу ыктымал экенин жазды.

“Азаттыктын” беларус кызматы “Минск баатыр шаар” айкелинин жанында бештен жети миңге чейин киши чогулганын билдирди. Ал жерге кара камуфляжчан белгисиз адамдар келип, демонстранттарды кармап кетишти.

Nexta телеграм-каналы нааразылыкка чыккандар кечке маал бир нече көчөнү бөгөп, транспорт кыймылы чектелгенин жазды.

Бул арада нааразылык акциялары Беларустун башка шаарларында да өттү. Могилевдо жүздөгөн киши жүрүш жасады, алардын жолун милиция жана атайын бөлүктүн кызматкерлери торошту. Витебскиде ушундай эле жүрүш учурунда күч түзүм өкүлдөрү менен кагылышуу болду.

"Весна" укук коргоо борбору билдиргендей, шаршембиде Белруста жалпысынан 150дөн ашуун киши кармалды. Алардын тизмеси борбордун сайтына жайгаштырылды. Тизме жаңыланып турат.

23-сентябрда Минскиде президент Лукашенконун кезектеги беш жылдык кызматтык мөөнөткө киришүү аземи өткөн. Инаугурация жашыруун даярдалып, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылган эмес.

66 жаштагы Лукашенко өлкөдө 9-августтагы шайлоодон кийин нааразылык акциялары тынчыбай жаткан шартта ант берди. Ал Беларусту 26 жылдан бери башкарып келатат.

Митингдер менен жүрүштөргө чыккандар 9-августтагы добуш берүү бурмаланганын айтып, Лукашенкону бийликтен кетүүгө, эркин жана калыс шайлоо өткөрүүгө чакырып келатышат. Президент ал акцияларга күч менен жооп берген. Көптөгөн демонстрант кармалып, таяк жеп, айрымдары кыйноого туш болду.

XS
SM
MD
LG