Ссылки доступа

Балыкчы: каржы пирамидасы элди сызга отургузду (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдардын логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Балыкчы: каржы пирамидасы элди сызга отургузду. Ысык-Көлдө “Касса, финиш” деп аталган акча топтоо системасына алдангандар милицияга арызданууда. Бул финансылык пирамида Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынын тогуз жеринде ачылган. Айрым шаар тургундары акча топтоо системасына мүлкүн сатып кирсе, кээ бири топтогон акчасын толук берген. Азыр облустук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча 1500гө жакын арызды карап, тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Милициянын айтымында, финансы пирамидасы элден 74 млн. сомдон ашуун каражатты топтоп алган. (видео)

- Экологиясы эңшерилген Кара-Кече. 14-сентябрда Дыйкан-Кара-Кече жолуна түшкөн жер көчкү дагы эле токтой элек. Адистер Жумгалдагы кырсыкка экосистеманын бузулушу себеп болгонун айтышууда. Анткени Кара-Кечеде мамлекеттик көзөмөл жок болгондуктан көмүр ар кайсы жерден казылууда дешет. Ошондой эле көмүр казган компаниялар кенден чыккан калдыктарын мөңгүнүн суусуна төгүшөт. (видео)

- Кыргыздын руху уялаган "Нуска". Өлкөдө кыргыз тилдүү бир гана “Нуска” китеп дүкөнү бар. Дүкөндүн текчесинде миңден ашуун китеп тизилип турат. Арасында окуганга жарабай тургандары да бар. Китептердин баасы 30 сомдон башталып 2000 сомго чейин сатылат. Кыргыз китептерин саткан дүкөндүн ачылыш тарыхы жана учурдагы абалы тууралуу видео баяндан көрүңүз. (видео)

-Пандемия учурунда казакстандыктар кайда бара алышат? (инфографика)

- Лукашенконун инагуруациясынан кийинки кармоо. (сүрөт баян)

- Душанбе базарларындагы баа. (видео)

- Лариса: Кыргыз тили кыйын болсо да окуйбуз. Бүгүн Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 31 жыл толду. Бул күндү утурлай “Азаттык” радиосунун кабарчысы көп улуттуу Кант шаарындагы жалгыз кыргыз тилдүү мектепке барып келди. Акыркы жылдары шаар тургундары арасында кыргыз тилдүү мектепте балдарын окуткандар көбөйгөн. (видео)

- Мандат үчүн канча добуш керек? Кыргызстанда 16 партия парламентке келип, мандат алууну көздөп турат. Жогорку Кеңешке өтүш үчүн бир партия кеминде канча добуш топтошу керек? "Азаттыктын" түшүндүрмө видеосун көрүңүз. (видео)

- Аксыга кайналыны кайра иштеткен цех керек. Кайналыны кургатып, сатуу менен ишкерлик кылган Аксынын тургундары район аймагына кайра иштетүүчү цех курулса дешет. Анткени райондо кара өрүктү экспортко даярдоо жагы жолго коюлган эмес. Азыркы тапта кара өрүктү кургатуу иштери эми гана башталды. Багбандар бул жылы кайналынын баасы жогору болуп жатканын айтып кубанышууда. (видео)

- Тажикстанда студенттер окуу жайларда беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирилди. (Настоящее время)

- Душанбеде лифит бузулуп, 49 жаштагы аял каза тапты. (видео)

- Тажикстанда жарандар майдан бери «коронавирустук» жөлөк пулдарды ала албай келишет​. (видео)

- Ташкентте милиция кызматкери жашы жете элек баланы сабап, автоунаага камап койгон. (Өзбекстандан видео)

- Казакстанда 2020-жылдын жайында өлүм саны адаттагыдан 2,5 эсе көп болду. (видео)​

- Балыкчылык ширетүүчүнүн кыялы​. (Кыргызстандан видео)

- Куш тумоосу Казакстандын дагы төрт аймагына жайылды. (Настоящее время)

- Коронавирус кандай жайылган – анимациялык инфографика. (инфографика)

- Тажикстан Орусия менен аба каттамдарын жандантууга даяр. (Настоящее время)

- Мектеп формасы, хиджапчан окуучулар жана аралыктан окуу — Актөбөдөгү абал. (Казакстандан видео)

- Европа карантин чараларын кайрадан киргизүүдө. (Настоящее время)

- Тажикстанда базарларда жумуш издегендер көбөйүүдө. (Настоящее время)

- Онлайн окуу энелердин эсин оодарды. (видео)

- «Үмүт шооласы» - мүмкүнчүлүгү чектелген үч небересин тарбиялап жаткан ата-эне тууралуу тасма. (видео Директ)

- Душанбенин тургундары жаңы президенттен эмнелерди күтүшөт? — шайлоо алдындагы сурамжылоо. (видео)

- Дүйнөдө коронавируска байланышкан нааразылык акциялар өтүүдө. (Настоящее время)

- Казакстанда ырчылар үчүн жаңы эрежелер киргизилүүдө. (видео)

- Шайлоо-2020. Партиялардын тизмеси. (инфографика)

- Жүз миңдеген кыргызстандык алигиче таза сууга жете элек. (Настоящее время)

- Одесса портунда тонналаган селитра ачык асман алдында жатат. (Настоящее время)​

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG