Ооруканада өзүнө келгенден кийин аял бул окуя үчүн Маале жана үй-бүлөнү коргоо министрлигинин Кашкадарыя облустук башкармалыгынын кызматкерлерин күнөөлөдү. Бахромованын айтымында, пахта теримге аз киши чогултканы үчүн эскертүү алгандан кийин депрессия болуп, уксус ичип жанын кыюуну чечкен.
Ал өз өмүрүнө кол салардан мурун кат жазып, мажбурлап иштетүүгө каршы ушундай аракетке барууга мажбур болгонун жазган.
«Касан районунда мажбурлап иштетүү тажырыйбасы уланууда... Мен мунун баарынан тажадым, жашоодон тажадым. Жалгандын ичинде жашоону токтоткула. Мен жалгандын ичинде жашоону токтоттум», – деп жазган.
Касан районунун башчысынын орун басары Надира Кадырова Шахноза Бахромовага эч кандай кысым көрсөтүлбөгөнүн, аймакта мажбурлап иштетүү деген түшүнүк жок экенин айтты.
–Telegram-топтун бардык катышуучуларына, анын ичинде бул аялга пахта теримге жашы жете элек өспүрүмдөрдү чыгарбоо керектигин гана жаздым. Бүттү, – деди Надира Кадырова.
Бирок Telegram-топтогу жазышуулардын скриншотунда Надира Кадырова маале башчыларына пахта терим үчүн кишилердин санын көбөйтүүнү тапшырганын окууга болот.
Ушул тапта Бахрамованын абалы канааттандыраарлык, дарыланууну улантууда.