Ссылки доступа

Евробиримдик Беларуска карата мамилесин кайра карап чыгат


Европа биримдиги (ЕБ) кайрадан Беларуста президенттик шайлоо эркин жана таза өтпөгөнүн билдирди.

ЕБ шайлоонун бурмаланган жыйынтыгын тааныбайт, буга байланыштуу 23-сентябрда өткөн Александр Лукашенконун инаугурациясы демократиялуу жактан легитимдүү эмес. Азыркы кырдаалды эске алуу менен ЕБ Беларуска болгон мамилесин кайра карап чыгат. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер жана саясий коопсуздук боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелдин билдирүүсүндө айтылат.

Билдирүүдө Лукашенконун инаугурациясы Беларус калкынын көпчүлүк бөлүгүнүн эркине карама-каршы келери жана өлкөдөгү саясий каатчылыкты күчөтөрү белгиленген.

"Бийликтин катаал репрессиясына карабай, демократияны жана негизги укуктарын тынч түрдө коргоп жаткан Беларус элинин эрдигине катуу таасирлендик жана көңүлүбүз жибиди”, - деп жазылган билдирүүдө. Боррель шаркет беларус элинин жаңы шайлоо өткөрүү талабын колдой турганын кошумчалаган.

23-сентябрда Минскиде президент Лукашенконун кезектеги беш жылдык кызматтык мөөнөткө киришүү аземи өттү. Инаугурация жашыруун даярдалып, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылган эмес.

66 жаштагы Лукашенко өлкөдө 9-августтагы шайлоодон кийин нааразылык акциялары тынчыбай жаткан шартта ант берди. Ал Беларусту 26 жылдан бери башкарып келатат.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская президент Александр Лукашенконун ант беришин айыптап, аны "легитимсиз лидер" деп атады.

Минск жана Беларустун башка шаарларында Лукашенконун инаугурациясына каршы массалык акциялар болду. Жалпысынан 250дөн ашык киши кармалды. Милиция демонстранттарды суу бүркүп таркатты.

XS
SM
MD
LG