Ссылки доступа

Өзбекстан алгачкы жолу уран өндүрүшү тууралуу статистикасын жарыялады


Өзбекстан уран казуу боюнча маалыматты алгач ирет коомчулукка жарыялады.

«Экономическое обозрение» журналындагы маегинде Навои тоо-металлургия комбинатынын башкы директору Нурмат Жулибеков Өзбекстан уран казуу боюнча дүйнөдө 5-орунда, ал эми урандын запасы боюнча 10-орунда экенин билдирди.

Жулибековдун айтымында, өлкөдө жылына 3500 тонна уран казылат. Чийки зат толук чет өлкөгө чыгарылып, Франция, АКШ, Канада, Кытай жана башка өлкөлөрдөгү компанияларга сатылат.

Өзбекстанда урандын кору 140 миң тоннага жакын. Бул дүйнөлүк запастын 2,3% түзөт.

XS
SM
MD
LG