Ссылки доступа

Орусияда мекенине кайтууну каалаган миңдеген өзбекстандык чатырларда жашоодо (видео)


Орусиянын Ростов жана Самара облустарында Казакстандын транзитке уруксат беришин күткөн Өзбекстандын миңдеген жараны чатырларда жашап жатышат.

Жергиликтүү бийлик аларга бир нече убактылуу лагерь ачып, чатырларды тигип берген. Бирок каалоочулар көп болгондуктан, орундар, кийим-кече жана тамак-аш баарына жетпей калууда.

Как живут мигранты из Узбекистана в лагерях на российской границе
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

9-сентябрда Ростов облусундагы Каменск-Шахтинск шаарында өзгөчө абал киргизилип, андагы миңдеген эмгек мигранты чыга албай калышкан. Алар Ростов облусу аркылуу Өзбекстанга баратышкан. Арасында балалуу аялдар да бар.

Сентябрда Каменск-Шахтинск шаарынан Өзбекстанга мигранттар менен үч жолу атайын поезд жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата лагерде жүздөгөн киши бар. Алар таза суу менен камсыздалып, лагердин кире беришинде ар биринин дене табы текшерилүүдө.

Самара облусунун Кинель шаарынын четинде да ушундай эле абал. Маалыматка караганда, ушу тапта лагерде мекенине кетүүнү күтүп жаткан 2,5 миң өзбекстандык бар.

Апта башында Өзбекстандын Транспорт министрлиги 21-сентябрда атайын поезд менен мекенине 1 800 өзбекстандык жеткирилгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG