Ссылки доступа

Тажикстандын Москвадагы элчилигинин кызматкерлери сабалды


26-сентябрда Тажикстандын Орусиядагы элчилиги дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери элчиликтин имаратында сабалганын расмий түрдө тастыктады.

Маалыматка караганда, 24-сентябрда Тажикстан жарандарын кабыл алуу учурунда элчилик кызматкери сабалып, жаракат алган.

Кол салган киши дароо кармалган жана Орусиянын укук коргоо органдары жагдайды иликтеп жатат.

25-сентябрда орусиялык басылмалар 37 жаштагы Тажикстан жараны Москвада элчиликтин эки кызматкерин сабаганын кабарлашкан. Маалыматта жабыркагандардын бири айдоочу, экинчиси улук адис экени айтылган.

ТАСС агенттигинин укук коргоо органдарындагы өз булагы: «Жаңжал учурунда эркек киши оппоненттеринин биринин мурдун жана бир манжасын сындырган. Мындан тышкары анын мээси чайкалганы аныкталган. Экинчи жабырлануучу олуттуу жаракат алган эмес», - деп билдирген.

«Азия-Плюс» агенттиги өз булактарына таянуу менен элчиликтин кызматкерлери орой мамилелери үчүн токмоктолгонун жазды. Элчилик бул маалыматты четке какты.

Соңку эки айдан бери Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында мекенине кайтууну каалаган кишилердин узун кезеги жаралууда. Алардын көбү чартердик каттамдар үчүн түзүлгөн тизмеге нааразы.

XS
SM
MD
LG