Ссылки доступа

Минскиде Тихановскаянын "элдик инагуруациясына" 100 миң киши келди


Жекшембиде Минскинин борборуна Александр Лукашенконун бийлигине каршы он миңдеген киши чогулду. Айрым эсептөөлөр боюнча акцияга 100 миңдей адам чогулду.

Бул жолу демонстранттар акцияны “Светлана Тихановскаянын элдик инагуруациясы” деп аташып, аны президенттик шайлоонун жеңүүчүсү катары сыпатташты.

Күбөлөрдүн айтымында, демонстранттардын колоннасы эки чакырымга чейин созулду. Алар бир нече саат бою Минскинин көчөлөрүндө жүрүш жасашты.

Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы миңдеген жарандар 50 күндөн бери каршылык акцияларына чыгып жатат.

"Азаттыктын" беларус кызматы демонстранттар Минскиде Жеңүүчүлөр проспектисинде, Спорт ордосунун жана "Юбилейная" мейманканасынын жанына чогулганын, милиция кууп таратканын жазды. Ошондой эле Гродно шаарында акцияга чыккан ондогон адамдар кармалды. Ушундай эле окуялар Лида, Могилев, Гомел шаарларында да болду.

“Весна” укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча жекшембиде Беларуста жалпысынан 200дөн ашуун киши кармалды. Алардын арасында бери дегенде эле үч журналист бар.

Борбордук шайлоо комиссиясы алтынчы жолу жеңди деп жарыялаган Александр Лукашенко 23-сентябрда ант берүү аземин коомчулукка жарыялабай, жашыруун өткөргөн.

Евробиримдиктеги бир катар өлкөлөр, Британия, Украина, Канада жана АКШ Лукашенконун президенттикке киришүүсүн «мыйзамсыз» деп жарыялашкан. Анын алдында Европа парламенти Лукашенконун бешинчи президенттик мөөнөтү 5-ноябрда аяктагандан кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбай турганын билдирген. Лукашенко өтүп жаткан митингдер үчүн Батышты күнөөлөп келет.

XS
SM
MD
LG