Ссылки доступа

Тажикстан менен Өзбекстан чек араларды ачуу маселесин талкуулайт


Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган өзбек делегациясы Тажикстандын борборуна барат. Сапар учурунда чек араларды ачуу жана Ташкент менен Душанбе ортосунда аба каттамдарын жандандыруу маселелери талкууланат.

29-сентябрда Душанбеде тажик-өзбек бизнес форуму өтөт.

Өз булактар кабарлагандай, Абдулла Арипов тажик-өзбек биргелешкен «Артель-Авесто» ишканасынын ачылыш аземине катышат. Ишкана Artel бренди менен тиричилик техникаларын өндүрүп, тажик рыногуна сатат.

Узак убакыт бою Тажикстан менен Өзбекстандын мамилеси салкын болгон. Эки өлкө аба, автобус каттамдарын токтотуп, темир жолдордун бир бөлүгүн бузуп, виза режимин киргизген. Бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден бери Өзбекстан менен Тажикстандын ымаласы жакшыра баштаган. Өткөн жылдары эки өлкө стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол коюп, визасыз режим киргизип, биргеликте ири долбоорлорду жүзөгө ашыра баштаган.

XS
SM
MD
LG